АКШ: Футболчулар Бостон окуясынын жабырлануучуларына акча жыйнашты

  02.07.13   11:21
 159

АКШнын футбол боюнча аялдар жана эркектердин курама командалары 15-апрелде Бостондо марафон учурунда жасалган теракттан жабыр тарткандарга 60 миң доллар чегеришти. Бул туурасында ИТАР-ТАСС маалымдады.

2-июнда Германия менен жолдоштук беттешүүдө кийилген эркектердин курама командасынын кол тамгалары коюлган формалары аукционго коюлган.

Ал эми кыз-келиндерге келсек, алар да 15-июнда Түштүк Корея менен болгон беттешүүдөгү кийген формаларын аукционго алып чыгышкан.

Жыйынтыгында, сатыкка 72 лот коюлуп, андан 60 276 доллар түшкөн. Бул каражатты спортчулар терактта жабыр тарткандарга жөнөтүштү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226730

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.