"Фабула": Садыр Жапаровго таарынган Абдылдаев тамакка барбай коюптур

  02.07.13   13:10
 311

Кумтөр маселесине жамына коюп, бийликти басып алмакчы болушуп, темир тор артында отуруп чыккан Садыр Жапаров өткөн жумада "Дасмия" ресторанында саясатчыларды тамакка чакырды. Бирок Садырды парламентте айга-күнгө теңеп, баатыр кылып сүрөттөп жатышкан "Ата-Журт" фракциясынын лөктөрү Мыктыбек Абдылдаев менен Ахматбек Келдибеков таарынып барбай коюшту,- деп жазат "Фабула" басылмасы 2-июлда чыккан санында.

Басылмада маалымдалгандай, буга Садырдын абактан чыгып келип эле, парламенттин трибунасынан ""Ата-Журт" фракциясынын лидери менмин" деп күпүлдөгөнү Мыктыбек мырзага жакпай калыптыр.

"Себеби Садыр камакта жаткан кезде аталган фракция Абдылдаевди расмий лидер катары шайлаган эле. Анан Жапаров акталып чыккандан кийин лидерликти фракция жыйынында расмий кабыл албай жатып, "мен чыктым, эми сен эч ким эмессиң" дегендей мамилеси Мыктыбек мырзанын ичин ооруткан өңдөнөт. Ал эми Ахматбек мырза болсо "Ата-Журттун" лидери боло албай башынан бери Камчыбек Ташиев экөөнө ич күптүү болуп жүрөт. Бул тууралуу кезинде басма булактары көп эле жазышты. Сыягы, өздөрүн оппозиция эсептегендердин ыркы дагы деле жакшы эмес окшойт. Бул жагдай карышкыр, аюу, төө, түлкү дос болгон жомокту эске салат экен...",- деп жазат гезит.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226731

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.