Байкоңурда Россиянын ракетасы дагы кулады

  02.07.13   11:43
 331

Байкоңур космодромунун учуп чыккан "Протон-М" ракетасы абага көтөрүлүп бара жатып, алгачкы мүнөттө эле жарылып, бир нече бөлүктөргө чачырап кетти. "Вести" телеканалы ракетанын космоско көтөрүлүшүн Байкоңурдан түз эфирден көрсөтүп жаткан учурда, ракета жарылды.

"Протон-М" жерден жаңы эле көтөрүлүп баратып, саналуу секунддардын кийин траекториясын өзгөртүп, абадан эле бир нече бөлүктөргө бөлүнүп, чачыраган тейде жерге түштү. Анын калдыктары ракета старт алган аянтчага да чачылды. "Интерфакс" агенттигинин маалыматында, кулаган жерге бир нече тонна гептил - өтө уулуу делген күйүүчү заттар төгүлгөн.

Ракетанын бортунда ГЛОНАССтын 3 ступтиги болгон. Роскосмос учурда кыйроонун себептерин текшерүүдө.

"Протон" акыркы жылдары, буга чейин эки ирет кырсыктаган. 2010-жылы ушундай эле үч спутникти алып чыгып кете албай, алар Тынч Океанга кулаган.

Ал эми 2007-жылы "Протон" Казакстандын аймагындагы Жезказган шаарынан 40 чакырым алыстыкта кулап, анда да гептил төгүлгөн. Анда Россия кырсыктын кесепетин тездик менен жоюп, Казакстанга 2,5 миллион доллар компенсация төлөп берген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226732

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.