Бозумчак кенинде жергиликтүү тургундарга караганда кытай жарандары көп иштейт

Айылдыктар бийликтин берген сөзүнө жана чет элдик компаниялардын жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылуу боюнча аракеттерине жинденүүдө.
  02.07.13   11:57
 327

Жез жана алтын чыга турчу Бозумчак кенинде 360 кытай жараны иштейт. Бул тууралуу пресс-тур учурунда "Казахмыс голд Кыргызстан" ЖЧКсынын башкы директору Ильяз Тулекеев "ВБ"га билдирген болчу. Тулекеев жумушчулар арасында мыйзамсыз келгендер жок деп ишендирген эле.

"Кытай эл республикасынын жарандарын кенде иштетүү үчүн байытуучу фабриканы куруп аткан подрядчик-компания алып келген",- деди Тулекеев.

Белгилей кетсек, буга чейин Бозумчак кенинде байытуучу фабриканы куруу үчүн жергиликтүү компания тандалган. Бирок, "Казахмыс" ал компания менен болгон келишимди жокко чышарып, кытайлык компанияны тандаган. Өз кезегинде подрятчик компания фабриканын курулуш иштерине кытай жарандарын алып келген.

Жергиликтүү тургундар аймакта жумушсуздукney саны өскөнүнө арызданышууда. Ала-Бука районунун Булак-Багыш айылынын тургуну Тойчубек Кайыповдун журналисттерге билдиришинче? алтын кенинде 5 гана айыл тургуну туруктуу жумуш орду менен камсыздалган.

Кыргызстандын өкмөтү тигил же бул кен чыккан жерди иштетүүдү биринчи кезекте жеригиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болорун буга чейин бир нече жолу айтып келген. Бирок, аталган кенде чет элдик келген жарандар иштеп атат. Ал эми жергиликтүү тургундар иш издеп башка жактарга кетүүгө аргасыз.

Тургундардын айтымында, айлык акыга кетчү каражатты үнөмдөө үчүн кытайдын жарандары жумушка алынууда.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматынын "ВБ"га берген маалыматына ылайык, 2012-жылы Кыргызстанда иштөө үчүн 11 миң 358 чет элдик жаранга уруксат берилген. Алардын 8 миң 455и КЭРдин жарандарына берилген. Өзгөчө Бозумчак кенинде иштөө үчүн өткөн жылы кытай жарандарына расмий түрдө 619 уруксат кагазы берилген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226733

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.