Снукер: Жабык имараттардагы Азия оюндарында кыргызстандыктар утулуп калды

  02.07.13   12:02
 246

Жабык имараттардагы Азия оюндарында Кыргызстандын снукер боюнча спортчулары командалык матчын уттуруп ийишти.

Мелдештин расмий сайтынын билдиргенине караганда финалдын 1/32де Кыргызстандын командасы 1:3 эсеби менен Тайпэйдин курама командасына уттурду.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командасынын курамында Ызатбек Раатбеков жана Кубанычбек Сагындыков болчу.

Эске салсак, жогоруда аталган оюнчулар жеке эсепте да старттык беттештерин уттурушкан.

2013-жылы өткөрүлүп жаткан Жабык оюндарда Кыргызстандын атынан 22 спортчу катышкан. Алар спорттун беш түрүнөн мелдешишет: сууда сүзүү, тай боксу, кикбоксинг, спорт бийи жана снукер. Снукер дисциплинасында болгону эки спортчу өлкө намысын коргоду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226734

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.