Сибирде аюулар ачкадан айыл-кыштактарга түшө баштады

  02.07.13   12:51
 183

Краснодар крайында аюулар жалгыздап эмес, эми бир нече болуп трассага, айылдарга түшө баштаптыр. Бул туурасында Вести.ру маалымдады.

Жакында эле Краснодар крайындагы Епишино айылына жакын жол жээгиндеги мамалактары менен турган аюуну көргөн айдоочу колундагы нанын бергенин, бирок, баары бир жырткычтан качып кутулууга туура келгендигин айтып берген.

Мындай көрүнүштүн себебин зоологдор, тайгада жаз кеч келгендигине байланыштырышууда.

Сибирде жай календарь менен гана келди, б.а. азыл ал аймакта июль эмес, майдын башындагыдай мезгил. Токойдо жер-жемиш, козу карын али чыга элек. Мындай тайгада аюулардын тумшугуна эч нерсе илинбеши белгилүү, андыктан, аргасы жок айыл-кыштактарга түшүүдө дейт адистер.

Базаиха поселогунун жашоочулары азыр көчөгө чыгардан мурда, терезеден эшикти карап, байкоо жүргүзүп алышчу болду. Себеби, жок дегенде эле жумасын 1-2 ирет таштанды арасынан, жол жээгинен аюуну, мамалактарды көрүүгө болот.

Ал эми Нижневартовск шаарында эл шаарга кирип келген аюуну баарылап киришип жатып, кууп кетиришиптир. Шаардыктар мында кичинекей балдардын коопсуздугу үчүн тынчыздангандыгын бир ооздон айтып беришкен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226736

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.