Кыргыз-өзбек чек арасынан 140 миң сомдук аткезчилик товар кармалды

  02.07.13   13:01
 198

Бүгүн, 2-июлда Айдаркен чек ара тосотунда кыргыз-өзбек чек арасынан аткезчилик жол менен жүк алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык эки жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коом менен байланыш жана ЖМК бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандар DAMAS үлгүсүндөгү эки машина менен Кыргызстандан Өзбекстанга кездеме алып өтүүгө аракет кылышкан. Аткезчилик жол менен ташылып бараткан жүктүн баасы 140 миң сом.

Тийиштүү документтер толтурулган соң жүк Бажы кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226737

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.