Египеттин Тышкы иштери министри отставкага кетти

  02.07.13   13:14
 165

Египеттин Тышкы иштери министри Мухаммед Камель Амр отставкага кетти. Бул туурасында МЕНА агенттигине таянып, Синьхуа маалымдады.

Бир аз мурдараак, дүйшөмбү күнү дагы 5 ведомство башчылары кызматынан баш тартышкан, алардын ичинде туризм, телебайланыш жана маалыматтык технология министрлери бар эле. Алар мунусу менен Египеттин президенти Мухаммед Мурсиге каршы экендигин билдиришкен.

Парламенттин жогорку кеңешинин 5 мүчөсү да отставкага кетүү үчүн арыз бергенин мамлекет башчысы телеканалда чыгып сүйлөп жатканда сынга алган.

Коргонуу министри Абдель-Фаттах аль-Сиси биринчи күнү армия пайда болгон кризисти жоюу үчүн 48 сааттык убакыт чектегендигин билдирген. Эгерде, саясатчылардын бул кадамы ийгиликсиз болсо, аскерлер Египеттин келечеги үчүн өздөрүнүн вариантын сунуштоону пландашкан.

Эске сала кетсек, 30-июнда Египеттин бир катар шаарларында масштабдуу манифестациялар өтүп, ага бир нече миллиондогон адамдар катышкан. Алардын бир катары президентке каршы чыгышса, бир катарлары аны колдоого алышкан. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, 1-июлга карата 16 адам каза таап, 800ү ар кандай жаракаттарды алышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226739

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.