Жалал-Абадда аял жаңы төрөлгөн баласын 16 миң сомго саткан

  02.07.13   13:27
 241

27-июнда Жалал-Абаддын прокуратурасы жаңы төрөлгөн баланы сатуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка ылайык, аял төрөт бөлүмүнүн кызматкерлерин алдоо жолу менен чоочун ат менен каттоодон өткөн. 2013-жылдын 1-майында жаңы төрөлгөн баласын башка паспорт аркылуу каттоодон өткөрүп, баласын ага көмөктөшкөн аялга берген. Ал алдын ала сүйлөшүү жүргүзүп, баласынын акысы үчүн 16 200 сом алган.

Учурда бул факт боюнча "Адам сатуу", "Документ жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226741

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.