Чолпон-Атадагы ат чабышта Өмүрбек Бабановдун аты экинчи келди

  02.07.13   13:27
 399

Иштерман жылына жана туристтик сезондун ачылышына карата Чолпон-Атада ар кандай дистанцияга ат чабыш болуп өттү.

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мелдеш "Аргымак" федерациясынын президенти Манас Акматбековдун байгелерине өттү. Күлүктөр 1800 метрден 18 км.ге чейинки аралыктарда күч сынашты.

1800 метрлик кыска аралыкта финишке алгачкы болуп Ароша каймана аты бар ат биринчи келди. Үчүнчү болуп келген Данил жана Ароша экөөнүн тең ээси Чүй облусунан келген Улан Батыркулов. Өмүрбек Бабановдун Родион деген аты экинчи болду.

Белгилүү болгондой биринчи орунга атчабыштын уюштуруучулары 15 миң сом, 2-орунга - 10 миң сом, 3- орунга – 5 миң сом беришти.

3,6 км "Кунан жоргодо" биринчиликти Бекжан Шерматовдун Винсент аты алды. Аларга 17 миң сом ыйгарылды.

9 миң метрлик дистанцияга 23 миң сом коюлуп, аны Нурлан Абдразаковдун Роял Дансер аты утуп алды. Биринчиликке 30 миң сом коюлган 9 миң метрлик "Жорго салышты" Мырза Учкуртаевдин Акбар деген аты алып кетти. 18 миң метрлик "Аламан байгенин" биринчилигине Аман Токтомамбетовдун Сима Алора аты татыды. Экинчи орунду Алмаз Ногойбаевдин Кара көз аты алса, үчүнчү болуп Александр Федеровдун Чех деген аты келди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226742

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.