Премьер-министрдин сөзүн жазган Мамасалы Апышев жумушунан кетти

  02.07.13   13:26
 274

Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин спичрайтери (сөзүн жазуучу) Мамасалы Апышев жумушанан алынды. Себеби, анын жумуш орду кыскарган. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда өкмөт башчынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, тийиштүү буйрукка Жантөрө Сатыбалдиев 2013-жылдын 16-майында эле кол койгон.

"Спичрайтердин кызмат орду штаттык кызматтан такыр эле чыгарылган. Премьер-министрдин сүйлөй турчу сөзүн басма сөз катчысы катары мен жазып атам",- деди Эржигитов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226743

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.