Грузияда президенттик шайлоо 31-октябрда өтөт

  02.07.13   13:40
 165

Грузияда экинчи аракет менен гана президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныкташты. Грузияда президенттик шайлоо быйылкы жылдын 31-октябрында өтөт деп билдирди "РИА Новости" Грузиянын президенттик администрациянын маалыматына таянып.

Биринчи күнү, кечээ шайлоо 27-октябрда өтөрүн билдиришкен. Алгачкы таратылган маалыматта дата боюнча ката техникалык себептерден улам кетип калгандыгы айтылган.

"Администрация башчысы Андро Барнов президенттик мөөнөттүн белгилениши боюнча брифинг өткөрдү. Барнов кеткен техникалык катачылыктар үчүн кечирим сурап, андан улам, жаңылыштык кетип калгандыгын айтты. Анын айтымында, шайлоо комиссиясына тиешелүү укуктук акт жөнөтүлгөн",-деп айтылат билдирүүдө.

Азырынча, президенттик шайлоого катыша турган үч талапкердин аты аталууда. Алар "Грузин кыялы" коалициясынан грузиянын вице-премьери, билим берүү жана илим министри Георгий Маргвелашвили; "Лейбористтик партиянын" лидери - Шалва Нателашвили; парламенттин экс-спикери Нино Бурджанадзе, аны "Элдик жыйын" коомдук уюмунан сунушташкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226744

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.