Ксения Палкина жуп мелдеште ITF турниринин чейрек финалына чыкты

  02.07.13   13:47
 248

Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина украиналык Вероника Капшай менен биргеликте ITF турниринин чейрек финалына чыкты.

Мелдештин расмий сайты билдиргендей, Палкина – Капшай дуэти чучу кулак кармап, биринчи айлампасын өткөрүп жиберишти. Жарым финалга чыгуу үчүн алар Нидерландыдан келген жуп Валерия жана Розалия Ван Дер Хог менен беттешишет.

Жалгыз разрядда Палкина турнирдин негизги айлампасында нидерландылык Аранта Руска каршы ойнойт.

Эл аралык федерациянын карамагында өткөн турнир Мидделбургда (Нидерланды) 1-июлда старт алган. Жалпы байге фонду – 25 миң доллар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226745

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.