Кытайларга ким "крыша"?

  02.07.13   13:54
 295

Миллиарддан ашкан калкы бар Кытай тырмактай Кыргызстан эмес, башкасын айтпаганда да, океандын ары жагындагы азуулуу АКШны, береги "мойуну жоон" Орусияны кооптондуруп жаткандыгы жашыруун эмес. Бир мезгилде Орусия алыскы Владивостоктон кытай жарандарын вагондоп өз мекенине кайтарып жатканын телевизордон көргөнбүз. Демек, бул маселеде Кыргызстанда да кооптуу жагдай жаралып жатат деп ачык айтуубуз керек,- деп жазат "Алиби" басылмасы 2-июлда чыккан санында.

"Бирок айрым депутаттарыбыздын өлкөбүздө мыйзамдуу да, мыйзамсыз да кытай жарандарынын көбөйүшүнө кызыктар болуп жатышы көп ойлорго түртүп жатат. Айталы, КСДП фракциясынан депутат Турсунтай Салимов кытайдан келген уйгурларга массалык түрдө Кыргызстандын жарандыгын алып берип жатканы тууралуу кеңири сөз болууда. Бул боюнча тиешелүү органдар ойлонуп коюулары тийиш",-деп кошумчалайт басылма.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226747

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.