Мавлян Аскербеков: Чет элдиктер МККтан паспортту 3 миң долларга эле ала алышат

  02.07.13   14:14
 225

Чет жактан келген мигранттар Мамлекеттик каттоо кызматынан (МКК) 3 миң долларга эле паспорт ала алышат. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда маалымат жыйында "Эркин эл" партиясынын төрагасы Мавлян Аскарбеков билдирди.

Анын айтымында, расмий эмес статистикалык маалыматтарга караганда учурда Кыргызстанда иштеген 300 миңдей чет элдик жаран бар.

"Расмий маалыматтарга ылайык, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин 2012-жылы 13 миңдей жумушчу квотасын берген. МКК өткөн жылы 101 миң түрдүү документ берген. Биздин маалыматтарга ылайык, учурда Кыргызстанда 300 миңден ашуун чет элдик жаран бар. Булар негизинен КЭР, Түркия, Өзбекстан жана Тажикстандын тургундары. Ошондой эле МККдан паспортту 3-4 миң долларга эле алса болот. Бул түздөн-түз мамлекеттик коопсуздукка доо кетирет",- дейт Аскарбеков.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226748

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.