Ысык-Көлдөгү шахмат фестивалында бишкектик кыздар мыкты болушту

  02.07.13   14:16
 293

Казакстан, Тажикстан, АКШ, Франция жана Кыргызстандан келген 100 шахматчы "Ысык-Көл" шахмат фестивалынын баш байгелери үчүн күч сынашты. Фестиваль алтынчы ирет өткөрүлүп, мурунку билим берүү министри, элдик устат Султан Токтогоновдун элесине арналат.

Турнирди Бишкектен келген шахматчы Кыялбек уулу Акыл ачты. Ал 14 жана 16 жаш категоряларынын жеңүүчүсү болду.

Ошондой эле баш байгелерди Арслан Асанов (8 жаш), Шынгыс Баймахан (10 жаш), Артур Хамитов (12 жаш) жана Руслан Ким (16-жаш) алды. Аталган шахматчылардын бардыгы Казактсандан келишкен.

Кыздар арасындагы мелдеште кыргызстандын шахматчы кыздары мыктылыгы менен айырмаланышты. Полина Белецкая (8 жаш), Адеми Кенжебаева (10 жаш), Алия Сыдыкова (12 жаш), Алиса Олжобай (14жаш).

Командалык турнирде Казакстандан келген "Чемпион" командасы биринчи болсо, кыргызстандык "Маврлар" командасы үчүнчү орунга ыраазы болушту.

Уландар арасындагы блиц-турнирди Кыялбек уулу Акыл жеңип кетти.

Белгилей кетсек, Султан Токтогонов өмүр бою шахмат оюнун сүйүп жүрчү. Анын пикири боюнча бул акыл-эсти өстүрүп, кишини тартипке үйрөтөт.

1984-жылы Токтогонов Каспаров менен Карповдун тарыхый беттешүүсүнө барган. 2005-жылы 92 жашында Улуу Жеңиш Күнүнө арналган эл аралык ардагерлер турнирине катышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226749

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.