Феликс Кулов: Акылбек Маралбаевге өзүн көрсөткөнгө убакыт берүү керек

  02.07.13   14:34
 220

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Акылбек Маралбаевге өзүн көрсөткөнгө убакыт берүү керек. Мындай пикирин бүгүн, 2-июлда "ВБ"га "Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов билдирди.

"Менин пикиримде Маралбаев бул тармакта өзүн көрсөтүүсү керек. Буга чейин деле ал жөнүндө жаман пикирлерди уккан эмесмин. Ал өзүн эч кандай жаман ишке аралашпаган адам катары көрсөтүп келет", - дейт депутат.

Кулов "Ар-Намыс" фракциясы министрлер кабинетиндеги дайындоолорго көзөмөл салып турарын, бирок Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорун өкмөт өзү дайындай тургандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, 13-июнь күнү өкмөттүн жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев агенттиктин мурдагы директору Ишимбай Чунуевади кызматтан алган жана анын ордуна Акылбек Маралбаев агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Акылбек Маралбаев, буга чейин Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеп келген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226751

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.