Жабык имараттардагы Азия оюндарында Данияр Кашкараев алгачкы медалды утуп алды

  02.07.13   14:46
 253

Кыргызстандык тай боксчу Данияр Кашкараев Жабык имараттардагы Азия оюндарында алгачкы күмүш байгесин жеңип алды.

Мелдештин расмий сайтынын билдиргенине караганда финалдык беттеште Кашкараев Вьетнамдык спортчуга 5:0 эсеби менен уттурган.

Эске салсак, чучу кулак тартуунун натыйжасында 57 кг салмак категориядагы Кашкараев, оюндун чейрек финалынан тартып старт алган. Биринчи беттешинде Иорданиялык Абдаллах Мухаммад Насим Самоурду жеңген. Жарым финалда афганистандык Ахмад Насир Хазор менен беттешмек, бирок ал белгисиз себептерден улам рингге чыккан жок. Кашкараев авоматтык түрдө жеңүүчү деп табылган.

Бул спорт түрү боюнча Кыргызстандын атынан үч спортчу катышат. Амангелди Талантов финалдын 1/16да Сайед Сулайман Сабуну жеңип чыкты. Дагы бир тай боксчу Бекжан Матысаев старттык беттешин кытайлык спортчуга уттуруп ийди.

Жабык имараттардагы Азия оюндарына Кыргызстандын атынан 22 спортчу катышкан. Алар спорттун беш түрүнөн мелдешишет: сууда сүзүү, тай боксу, кикбоксинг, спорт бийи жана снукер.

Белгилей кетсек, Кашкараевдин күмүш медалы Кыргызстандын курама командасынын алгачкы медалы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226753

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.