Экстремисттик багыттагы барактарды тараткан жашы жете элек бала кармалды

  02.07.13   15:30
 213

Бишкекте экстремисттик багыттагы барактарды тараткан 17 жаштагы жигит кармалган. Бул тууралуу шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, диний экстремисттик уюмга мүчө деп шектелген жигит мал базарынын жанынан айланып өтмө жолдон кармалган. Аны текшерүүгө алган учурда Ош облусунун тургуну экендиги, учурда "Ак-Бата" жаңы конушунда жашай тургандыгы аныкталган.

Ошондой эле текшерүү учурунда анын сумкасынан диний экстремисттик багыттагы өзбек жана араб тилдеринде жазылган баракчалар табылган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226755

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.