"Республика" фракциясы 5-июлда акыйкатчынын талапкерлигин кароо үчүн чогулат

  02.07.13   15:31
 242

"Республика" фракциясы 5-июль күнү акыйкатчынын талапкерлигин кароо үчүн кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда "ВБ"га "Республика" фракциясынан депутат Курманбек Дыйканбаев билдирди.

Анын айтымында, депутат акыйкатчы жарандык секторлордун өкүлүнөн шайлануусуна кызыкдар. "Мен акыйкатчы укук коргоо жаатында тажырыйбасы бар бейөкмөт уюмдардын өкүлүнөн болуусун каалар элем. Учурда биздин фракцияга 7 адамдан арыз келип түштү. Арыздарды кабыл алуу уланууда. Ал эми 5-июлда биз кезексиз жыйынга чогулуп келип түшкөн арыздарды карап, татыктуу талапкерлерди тандап алабыз", - деди Дыйканбаев.

Эскерте кетсек, 27-июнда көпчүлүк эл өкүлдөрүнүн колдоосу менен Турсунбек Акундун ээлеген кызматынан бошотулуусу тууралуу чечим кабыл алынган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226756

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.