Япония: Космонавттар менен сүйлөшө алган робот чыкты

  02.07.13   15:29
 186

Япония космоско учуп барып, ал жактан космонаваттар менен сүйлөшө турган тунгуч роботту ойлоп чыкты деп билдирди Вести.ру.

Салмагы бир килограммдан ашпаган, бою 34 см. болгон кичинекей "темир киши" азырынча япон тилин гана билет. Робот космостон космонавттар менен кадимкидей сүйлөшө алат, пауза кармай билет, эмоциясын көргөзө алат, суроолорго кадимкидей жооп берет.

Окумуштуулар Киробону жакында, тактап айтканда 4-августта космоско учурууну пландап жатышат. Алгачкы жана алыскы сапарга ал Япониядагы Танэгасима деп аталган космикалык ири борбордон учкучу жок Kounotori 4 менен учуп чыгат.

"Орустар биринчилерден болуп космоско учушту, америкалыктар алгачкылардан болуп Айга жетти. Эми биз, япондор адамдар менен пикир алышып, сүйлөй турган тунгуч роботту космоско учрганы жатабыз",-деп айтты Киробону иштеп чыккан долбоордун менеждери Ёритика Нисидзима.

Киробо космоско учуп кеткени менен жерде анын бир тууганы Мирата калат.

Ал бардык изилдөө, сыноо иштерине катышып, журналисттер менен пикир алышып, ал тургай аалам мейкиндигинде жүргөн Киробого зарыл болсо, колдон келген жардамын берип турмакчы. Мирата бир тууганы Киробону анын миссиясы бүткүчө, т.а. 2014-жылдын декабрына чейин күтөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226757

 Комментарийлер:
#1 U_moskov@mail.ru
2013-07-14 04:43:09 Цитата / 0 / -

Barakelde japonya silerge degi ayla jok eken mm munun baaryn kaydan alyp jatasynar maga da aytkylachy tuugandar

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.