Автотыгындар боюнча Мексика биринчи орунда

  02.07.13   15:34
 180

Мексикада жыл сайын автоунаалардын көбөйүшү төрөлгөн балдардын санынан да ашып кетти. Мында ар бир төрөлгөн балага экиден автоунаа туура келип, расмий маалыматтар боюнча жыл сайын каттоодон өткөн темир тулпарлардын саны миллионго жетиптир.

20 миллиондун тегерегиндеги калкы бар Мехиконун көчөлөрүн 8 миллионго чукул автоунаалар толтурат, улам жаңысын сатып алгандар андан да арбып барат деп билдирет ИТАР-ТАСС.

Аталган шаар бош эместиги, кыймылдын көптөгү боюнча дүйнөдө биринчи орунду бербейт. Автотыгын ушунчалык көп болгондуктан, бул калаанын жашоочулары бара турган жерине убагында жетиш үчүн алда канча эрте чыгышат.

Шаар бийлиги бул көйгөйдө чечүү боюнча канчалык аракет кылганы менен эл автотыгында калып эле келе жатат. Учурда шаар ичинде көп кабаттуу тамдан да бийик болуп кеткен автостарталар арбыган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226758

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.