"Ар-Намыс" фракциясы акыйкатчынын талапкерлигин кароону пландай элек

  02.07.13   15:34
 222

"Ар-Намыс" фракциясы акыйкатчынын талапкерлигин кароо үчүн кезексиз жыйынга чогулууну пландай элек. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, учурда фракцияга сынакка катышуу максатында арыздар келип түшө элек. "Келип түшкөн учурда деле биз арыздар менен тааныша албайбыз. Сынак жарыяланмайынча биздин ага укугубуз жок",- дейт Бекешев.

Эскерте кетсек, 27-июнда көпчүлүк эл өкүлдөрүнүн колдоосу менен Турсунбек Акундун ээлеген кызматынан бошотулуусу тууралуу чечим кабыл алынган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226759

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.