Эртең Бишкектин айрым райондорунда жана Чүйдүн айылдарында электр жарыгы өчөт

  02.07.13   15:53
 181

Эртең, 3-июлда Бишкектеги Орто-Сай айылында, Ворошилов, Лермонтов, Ахунбаев, Юнусалиев көчөлөрүнүн барчаларында, Төмөнкү Орок конушунун бир бөлүгүндөгү (Шырдакбек, Арчалы көчөлөрүндө) Жаш Гвардия, Васильев, Айни, Островский көчөлөрүнүн барчаларында, Киргизия-1 конушундагы Кожомкулов көчөсүндө, Чокморов көчөсүндөгү № 202-көп кабаттуу үйдө, Коенкөзөв көчөсүндөгү № 4-үйдө саат 9-00дөн 17-00гө чейин электр тармактарындагы профилактикалык иштерге байланыштуу убактылуу электр энергия өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди.

Ошондой эле 3-июлда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Маевка айылынын батыш тарабында, Жайыл районундагы Кара-Балта шаарындагы (Карл Маркс көчөсүндө), Сосновка айылында саат 9-00дөн 17-00гө чейин 10 кВ аба электр берүү чубалгыларынын зым тиректерин алмаштыруу, зымдарды тарттыруу техникалык тейлөөлөргө байланыштуу электр жарыгы өчүрүлүшү ыктымал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226761

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.