Махмуд Ахмадинежад: Иран өзөктүк куралданууга муктаж эмес

  02.07.13   15:52
 159

Тегеран атомдук куралга ээлик кылуу артыкчылыгын көрбөйт деле. Бул туурасында президент Махмуд Ахмединежад "Russia Today" телеканалына маек берип жатып айтты. Бул боюнча ИТАР-ТАСС билдирди.

"Бизге атомдук куралдын кереги жок. Биз аны колдоно алабызбы? Ал пайдасыз нерсе. Адамзат өзүнүн тарыхында аталган куралды колдонуу боюнча учурдан кыйгап өтүп кеттик",-деди ал.

АКШ, Израиль жана Батыштын бир катар өлкөлөрү Иранды өзөктүк курал чыгарып жатат деп шектенип келет. Бирок, аларга моюн бербеген Иран да көп жылдардан бери аны өлкөнүн электрэнергиясына болгон муктаждыгы үчүн колдонуп жатабыз деген позициясынан жазбайт.

Ахмединежаддын мөөнөтү 3-августта бүтүп, анын ордун шайлоодо жеңип чыккан Хасан Роухани басат. Ал башынан эле Иран АКШ менен диалогго барарын, бирок, тең ата сүйлөшөрүн айткан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226762

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.