"КРнын жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизилди

  02.07.13   16:21
 227

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 30-майында кабыл алынган.

Анын максаты климаттын өзгөрүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерине ылайык "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" мыйзамды өркүндөтүү жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлаштыруу боюнча аракеттерди укуктук камсыздоо болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226768

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.