Күндүн магниттик талаасынан учкун чачырап турарын аныкташты

  02.07.13   16:42
 245

Окумуштуулар Күндүн магниттик талаасы учкун чыгарып тургандыгын аныкташты. Россия, Улуу Британия жана АКШнын физик-окумуштууларынан турган топ күн алкагынан кубаттуу ультракөгүш нурлануунун чыгышын табышты. Мындай эбегейсиз нурлануу бир алып караганда учкунга окшошуп кеткендигин айтышты деп жазды ИТАР-ТАСС. Анын диаметри болжол менен 700 чакырымдай болуп, ал эми "учкун" 25 секундага чейин өчпөй жанып турат экен. Окумуштуулар учкун сымал мындай көрүнүштөр, жөн жеринен келип чыкпастыгын, ал Күндүн магнит талаасынын күчтүү сызыгын бойлой топтолорун айтышты. Бизге болуп көрбөгөндөй алыс аралыкта жайгашкан Күнгө байланыштуу мындай ачылыштар Hi-C телескобу тартып алган сүрөттөрдөн улам байкалып калган. Аны 2012-жылы метеорологиялык ракетага салып учурушкан эле.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226769

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.