Премьер альтернативдүү отун колдонууну сунуштады

Сатыбалдиевдин айтымында, энергетиктер быйыл кургакчылык боло тургандыгын айтып, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырууда.
  02.07.13   17:15
 215

"Бюджеттик уюмдар жылуулук берүү мезгилине алдын-ала даярдануусу керек. Алардын электр энергиясын жана сууну үнөмдөөсү зарыл". Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Айыл-чарба министрлигинде күзгү оруп-жыйноого байланыштуу болгон жыйын учурунда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, энергетиктер быйыл жыл кургакчыл боло тургандыгын айтып, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырууда.

Ошондой эле премьер-министр альтернативдүү отунду колдонууга өтүүгө чакырды.

"Айыл өкмөттөрү, акимдер жана башка башкаруу органдарынын өкүлдөрү силер электр энергиясын жана суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу тууралуу иш-чараларды өткөрүүңөр керек", - деди ал.

Эскерте кетсек, Курманбек Бакиев президент болуп турган учурда алтернативдүү отунду колдонууга өтүүгө чакырып, элди тезек терүүгө үндөгөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226771

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.