Эксперт: Кыргызстан президенттин өнүгүү стратегиясын иш жүзүнө ашыра албайт

  03.07.13   08:49
 207

2013-2017-жылдарга карата туруктуу өнүгүү улуттук стратегиясында жазылгандай 7,5 млрд доллар ички дүң өнүм (ИДӨ) жана 3,2 млрд тышкы карызы менен Кыргызстан 7 млрд доллардан көп кредиттик ресурстарды өлкөгө тарта албайт. Мындай оюн экономика боюнча адис Эрнест Карыбеков билдирди.

"Бул экономикалык жактан өзүн актабайт, абсурд. Эгер бир долбоордо экономикалык пайда көрсөтүлбөсө, анда андай саясий долбоорлор эч убакта ишке ашпайт",- деп ал өлкөнүн туруктуу өнүгүү стратегиясына болгон көз карашын билдирди.

Карыбеков бийликтегилердин жакынкы аралыкта жакшы жыйынтык бере турган аймактык долбоорлорду жөнгө салуусу керектигин белгиледи.

"Бизде түзүлүп калган экономикалык абалдан бардык керектүү, ошол эле учурда мамлекет үчүн пайдалуу болгон мүмкүнчүлүктү колдонуп калуу маанилүү",- деди ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226775

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.