Бишкектеги жылуулук электр станциясына көмүр алып келүү создуктурулуп жатат

  03.07.13   09:09
 251

"Күз-кыш жылуулук берүү маалына 400 миң тонна жергиликтүү көмүрдөн камдаш керек". Бул тууралуу жылуулук электр станциясынын директору Андрей Воропаев билдирди. Бул өтө чоң көлөм, мурда мындай болгон эмес.

Бирок, рекорддук көрсөткүчтөр бир гана кагаз бетинде. Бул көлөм өкмөттүн токтомунда жазылган. Көмүр алып келүүчүлөр менен азыр так келишимдер жок. Ошентсе да "Электр станциялары" ААКы тендер өткөргөн.

Ошондой эле чет жактан алынчу 450 миң тонна көмүрдүн тагдыры да чечиле электигин Воропаев кошумчалады. "Бул боюча тендер да өткөрүлө элек. Казакстандын жеке фирмалары сунуштагын баа энергетиктерди канааттандырбай атат",- дейт ал.

Анын айтымында учурда станцияда өткөн жылдан калган 51,8 миң тонна көмүр бар жана азырынча ошол көмүр колдонулуп атат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226776

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.