10-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн бирин селсаяктар өрттөп жиберди

  03.07.13   10:03
 213

10-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн бирин селсаяктар өрттөп жиберди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Тилсиз жоо тууралуу маалымат "101" пультуна бүгүн, 3-июлда таңкы саат 05:00 чамасында келип түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр келгиче үйдүн бештен бир бөлүгүн жалын каптап кеткен. Өрт көп кабаттуу үйдүн жертөлөсүнөн башталган.

Үйдүн тургундарынын айтымында, ал жакта көп убакыттан бери селсаяктр жашап келген. Ал эми кырсык катталган күнү алар от жагып тамак бышырууга аракет кылган. Оттун жалыны ал жактагы таштандыларга жабышып, күйө баштаган. Селсаяктар болсо өрттү өчүрүүгө аракет кылган эмес жана качып кетишкен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226779

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.