ЖККУнун өлкөлөрү баңги бизнеси менен биргелешкен күрөштү күчөтөт

  03.07.13   10:04
 230

Кечээ, 2-июлда Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖКУУ) мүчө мамлекеттердин баңгизатынын мыйзамсыз айланышына каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешинин 13-жыйыны болуп өттү. Жыйын Россия Федерациясынын баңгизатынын мыйзамсыз айланышын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын директору Виктор Ивановдун төрагалыгы алдында өттү.

Бул жыйынга Кыргызстандын атынан КРдин өкмөтүнүн алдындагы баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Алымбай Султанов жана аталган ведомствонун ыкчам-иликтөө башкармалыгынын башчысы Болот Суваналиев катышты.

Жыйындын жүрүшүндө баңгизатынын мыйзамсыз айланышына каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңештин 2012-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылды, 2013 - 2017-жылдар үчүн ЖККУ мамлекеттеринин баңгизатына каршы стратегиясынын долбоору макулдашылды, ЖККУнун баңгизатына каршы операциялар борборун түзүү тууралуу жана "Чагылган-2013" деген баңгизатына каршы командалык-штабдык машыгууну уюштурууга байланышкан маселе талкууга алынды. Аталган машыгуу быйыл Кыргызстандын аймагында өтмөкчү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226780

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.