Кыргызстан баңгизатына каршы операциялар борборун түзүүгө катышат

  03.07.13   10:19
 245

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) алдында Баңгизатына каршы операциялар борборун түзүшөт. Бул сунушту Москвада өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин баңгизатынын мыйзамсыз айланышына каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешинин 13-жыйынында Россия Федерациясынын баңгизатынын мыйзамсыз айланышын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын директору Виктор Иванов киргизди жана жыйынга катышкан делегациялар тарабынан колдоо тапты.

Аталган борбордун негизги максаты ЖККУнун күчтөрү менен уюмга мүчө мамлекеттердин баардык ресурстарды колдонуу аркылуу баңгизатына каршы операцияларды иштеп чыгуу, пландоо, даярдоо жана ишке ашыруу болуп саналат. Ошондой эле аймактагы баардык өлкөлөр, анын ичинде Афганистан, Иран жана Пакистан менен өз ара кызматташуу жагы каралып жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226783

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.