Дастан Бекешев акыйкатчыны сентябрда шайлоону сунуштоодо

  03.07.13   10:33
 237

"Акыйкатчынын кызматына сынакты азыр жарыялап, бирок бул маселе парламентте сентябрда каралышы керек". Мындай пикирин бүгүн, 3-июлда "ВБ"га "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Дастан Бекешев билдирди.

"Мыйзамга ылайык, акыйкатчы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткен соң, анын ордуна жаңы акыйкатчы бир ай аралыгында шайлануусу шарт. Бирок мыйзамда эгерде бул учурда парламент каникулда болсо эмне кылуу керек экендиги так жазылган эмес", - деди ал.

Ошондой эле Бекешев, бул маселени чечүү үчүн спикердин же 40 депутаттын сунушу менен парламент кезексиз жыйынга чогулса боло тургандыгын айтты.

"Менин пикиримде тиешелүү комитет акыйкатчылык орун үчүн азыртан эле сынак жарыялашы керек. Ал эми парламент бул маселени сентябрда деле караса болот", - деп кошумчалады депутат.

Эскерте кетсек, 27- июнда Жогорку Кеңеш акыйкатчы Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу чечимин чыгарган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226785

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.