Жалал-Абадда нөшөрлөп жааган жаандан улам мүрсөгө суу кирип, ал ачылып калган

  03.07.13   10:31
 212

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 30-июнда катуу жааган жамгырдан улам Некрасов көчөсүнүн батыш жагындагы мүрзөнү сел каптап, бир мүрзө ачылып, 8 мүрзө ачылуу коркунучунда болгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

2013-жылдын 2-июлу күнү саат 14:00дө ӨКМнин №2 Издөө-куткаруу отрядынан 14 куткаруучу барышып, мүрзөлөрдүн ичиндеги чуңкурларын толтуруп, суу кетүүчү арык казып беришти.

Андан сырткары Панфилов көчөсү селдин кесепетинен кум-шагылга толуп калган. Шаардык "Суу чарба" мекемесинен 1 эксковатор тартылып, тазалоо иштерин жүргүздү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226786

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.