Кулов: МККнын төрагасынын тагдыры сентябрда чечилет

"Ар-Намыс" фракциясы МККнын алдына бир нече тапшырмаларды койду жана сентябрда алардын аткарылышын угушат.
  03.07.13   10:57
 283

Кечээ, 2-июлда "ВБ"нын өкмөттөгү булактары азыркы учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Эрлан Сапарбаев өзүнүн кызматына татыктуубу же жокпу деген маселе чечилип жатканын билдиришти.

"Кечээги сөз ушул тууралуу болду. Министрлер кабинетинин негизги көпчүлүгү "Сапарбаевди иштен бошотуу керек",- деп жатышат, бирок азырынча Феликс Куловдун буга эмне дей турганын күтүшүүдө, анткени жаңы дайындоону "Ар-Намыс" менен макулдашуу керек. Бирок алар кызматтан бошотуу тууралуу сунуш киргизише элек",- дейт жогорку кызматтагы чиновник.

Эскерте кетсек, Сапарбаев аталган мекемеге жетекчилик кылган бир жылга жете элек аралыкта көптөгөн коррупция, алдамчылык жана жасалма документ жасоо фактыларынан тышкары, эки таанымал адамга жасалма паспорт берилгени аныкталды. Алар: грузиндердин мыйзамдагы уурусу Илья Самсония менен казак олигархы Мухтар Аблязов. Ошондой эле криминалдык авторитет Азиз Батукаевге өлкөдөн чыгып кетүүгө мүмкүндүк берген ички паспорт басылып чыгарылган.

Маалыматты тактоо үчүн редакция парламенттик көптүктүн башчысы жана "Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Куловго кайрылды.

"Мен аны бошотуу тууралуу эч нерсе билбейм, бул өкмөттүн укугу. Ал эми аны талапкерлиги сизге жагабы деген суроонун таптакыр кереги жок. Бул абдан акылсыз формулировка. Иштен бошотуу үчүн олуттуу негиздер болушу керек. Аблязовго жасалма паспорт берилгендиги тууралуу айта турган болсок, ким күнөөлүү экенин тергөө иштери аныктоого тийиш. Эгерде Сапарбаев күнөөлүү боло турган болсо, ал мыйзам чегинде жооп бериши кажет. Жетекчини алмаштыра салуу эч нерсе чечпейт, ал үчүн системанын өзүн алмаштыруу зарыл",- дейт парламентчи.

Ал ошондой эле "Ар-Намыс" фракциясы ММКнын алдына бир нече тапшырмаларды койгонун жана сентябрда алардын аткарылышын угушаарын айтты.

Эрлан Сапарбаевдин өзү "ВБ" менен маектешкен кезде азыркы күндө анын кызматтан кетиши тууралуу жети-сегиз жолу суроо беришкенин айтты. "Мен жаңы гана өкмөттүк аппараттын жыйынынан келдим. Кызматтан алуу тууралуу сөз болгон жок. Кудайга шүгүр, азыр иштеп жатам, баары жакшы",- деп кошумчалады ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226787

 Комментарийлер:
#1 Гости
2013-07-03 11:51:37 Цитата / 0 / -

Сапарбаевди эмес Куловду отурган ордунан кайра баргыс кылып кубалап чыкса эле иш оз

нугунда болот. Бул Кулов жомоктогу эчендердин канын ичкен Кошейден кем калбайт.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.