Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад областындагы "Датка" подстанциясын ачты

Кыргызстандын президенти подстанцияны ачуу салтанатында баардыгын тынчтыкка жана биримдикке чакырды
  03.07.13   11:13
 347

Бүгүн, 3-июлда Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда 500 кВт "Датка" подстанциясынын ачылышы болду.

Аталган долбоордун баасы - 208 млн доллар. Анын алкагында узундугу 248,6 чакырымдык Кристалл - Датка, Датка - Түйүндүү, Датка - Төрөбаев, Түйүндүү - Алай эки тизмектүү жогорку чыңалуудагы 220 кВттык электр берүү линиялары курулду. Ошондой эле "Датка" подстанциясына учурда иштеп жаткан "Күрпсай ГЭС-Төрөбаев" өткөргүчү жана "Токтогул-Лочин" 220 кВт жогорку чыңалуудагы линиялары кошулду. Жалал-Абад областында иштеп жаткан "Төрөбаев" жана "Кристалл" 220 кВт подстанциялары, Ош областындагы "Алай" менен Баткен областындагы "Айгүлташ" подстанцияларында реконструкциялоо иштери жүрүп, заманбап жабдуулар орнотулду.

"Датка" подстанциясы ири энергетикалык түйүн болмокчу жана келечекте өлкөнүн түндүгүндөгү "Кемин" подстанциясы менен бириктирилип, электр энергиясын экспорттоону көбөйтүүгө мүмкүндүк түзөт.

Президент Алмазбек Атамбаев ачылыш салтанатка катышкандарга подстанция менен таанышып чыкканын жана ал келечекте "Кемин" подстанциясына бириктирүүгө даярдалганына ынанганын айтты.

"Бул объектилердин курулушу бүткөндөн кийин-эки жылдан соң- Кыргызстандын өзүнүн энергетикалык шакекчеси пайда болот. Азырынча өлкөнүн түндүгү менен түштүгү коңшу мамлекеттер аркылуу энергия алып жатат. Бирок жакында Ош, Жалал-Абад жана Баткен областы ГЭСтен түз эле электр энергиясын ала баштайт",- деди мамлекет башчысы.

Атамбаев катышуучуларга "президенттин баардык айткандары убада жана жомок бойдон калат" деген бир эксперттин пикирин окуганын билдирди.

"Чындыгында баары иш жүзүнө ашат. Биз армия маселесин чечебиз, чегараны чыңдайбыз. Өлкөнүн күчтүү болушуна жетишебиз. 2007-жылдары "Датка" долбоору менен Камбар-Ата ГЭС каскадынын курулушу жомок сыяктуу сезилчү. Бирок көп эмгектенсек жакшы жыйынтыктарга жетүүгө болот",- деп белгиледи мамлекет башчысы өз сөзүндө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226788

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.