Токойду коргоо станциясы мамлекетке 300 миң сом жоготуу алып келген

  03.07.13   11:16
 234

Жалал-Абад облустук прокуратурасы Токойду коргоо жана сактоо станциясынын чиновниктерине карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 2012-жылы жана 2013-жылдын 5 ай аралыгында "Токой жана аңчылык чарбасынын, мамлекеттик коруктардын жана парктардын кызматкерлеринин маянасы жөнүндө" жобону одоно бузушкан.

Алар станциясын кызматкерлеринин маянасынан тышкары мыйзамсыз 50% кошумча акы төлөп турушкан. Ал сумма 2012-жылы 227 444 сомду түзсө, 2013-жылдын 5 айында 107 261 сомго жеткен. Жалпысынан алар мамлекетке 334 705 сом чыгым алып келген.

Учурда бул факты боюнча "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Документтерди жасоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226789

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.