Эксперт: Кыргызстандын көрсөткүчү 2010-жылдын деңгээлинде калып жатат

  03.07.13   11:24
 174

Көптөгөн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстан 2010-жылдагы деңгээлде калып жатат. Мындай пикирин кечээ, 2-июлда "ВБ" менен болгон маегинде экономика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков билдирди.

"Убада берип жаткан реформалары кайда токтоп калганы түшүнүксүз. Биздин азыр динамикалык түрдө өнүгүп жаткан дүйнөдө үчүнчү сорттогу өлкө катары калуу мүмкүндүгүбүз гана бар",- деп мойнуна алды ал.

Эксперттин пикиринде, 2010-жылы болгон толкундоолордон кийин түзүлгөн өлкөнүн саясий элитасы компетенттүү эмес жана зарыл болгон реформаларды жүргүзүүгө даяр эмес болуп чыкты.

"Бийлик эмдигиче түшүнүктүү экономикалык саясатты түзүү боюнча чечкиндүү жана реалдуу кадамдарды кабыл албай жатат. Күн өткөн сайын экономикалык кризис тереңдөөдө, жыл сайын өлкө карызы көбөйүп жатат",- дейт Карыбеков.

Ал ошондой эле Кыргызстан мындан ары ушуга окшогон ыргак менен өнүксө жана түзөтүүгө мүмкүн болбогон коллапс тарапка кетсе мамлекеттүүлүгүн жоготуп алышы мүмкүн экенин эскертти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226790

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.