Египет: Эки тараптын кагылышуусунан 16 адам каза тапты

  03.07.13   11:32
 165

Гизадаги Каир Университетинде Египет президенти Мухаммед Мурсинин тарапташтары менен полиция кыгылышып, 16 адам курман болду. Дагы 200гө жакыны жаракат алды. Бул туурасында Рейтер агенттиги, аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигине таянып билдирди.

Окуяга күбө болгондор азыр деле атышуулар угулуп жаткандыгын, ага кошумча көздөн жаш агызуучу газ колдонулгандыгын билдиришти.

Буга чейин исламчылар менен алардын каршылаштарынын ортосунда Каирде кагылышуу болуп, ондогон адамдар жаракат алып, жетөө каза болгондугу кабарланган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226791

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.