Бишкекте Борбор Азияны суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча семинар өткөрүлөт

  03.07.13   11:53
 233

3-4-июлда Бишкекте Европа реконструкция жана өнүгүү банкы (ЕРӨБ) менен Европа Биримдигинин Борбор Азиянын шаарларын суу менен камсыздоо маселелери боюнча семинары өтөт.

Жыйында суу менен камсыздоо системасындагы реформалар жана суу бөлүштүрүү системасынын башкаруу стандарттары боюнча маселелер каралат.

Учурда Борбор Азиянын көп бөлүгүндө аталган тармактагы начар башкаруудан улам суу менен камсыздоонун туруктуу тейлөөсү жок. ЕРӨБ жана донорлордун колдоосу менен насыяларына таянган муниципалитеттер аймактагы суу менен камсыздоону натыйжалуулугун калыбына келтирүү үчүн тармакка инвестиция салууда.

Жыйынга Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан өңдүү мамлекеттердин муниципалитеттеринин өкүлдөрүнөн турган ЕРӨБдүн учурда иштешип жаткан кардарлары катышат. Армения, Молдова менен Румыниянын муниципалитеттеринин өкүлдөрү тажрыйба бөлүшөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226794

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.