China Road компаниясындагы жумушчулардын үчтөн бири гана мыйзамду түрдө иштейт

  03.07.13   11:49
 249

Кытайдын China Road and Bridge Corporation жол куруу компаниясын текшерген учурда КЭРдин 80 жумушчусунун үчтөн бири гана мыйзамдуу түрдө иштей турганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда "ВБ"га "Жаңы муун коалициясы" коомдук уюмунун төрагасы Тимур Саралаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн өлкөдө мыйзамсыз жашап, иштеп аткан чет элдик жарандарды аныктоо боюнча иш-чаранын жүрүшүндө Нарын облусунун Кочкон районунда иштеп аткан чет элдик жарандардын жанында эч кандай документи жок болуп чыкты. Аталган иш-чара бир катар саясий партиялардын, милициянын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте жүргүзүлгөн.

"Ал жакта иштеп аткан 80 кытай жаранынын үчтөн биринин визасынын мөөнөтү өтүп кеткени аныкталды. Калгандарынын жанында паспортунун сапатсыз көчүрмөсү гана бар экен. Кытайдын жумушчулары күч органдарына каршылык көрсөттү. Документи жок КЭРдин 7 кызматкери качып кетүүгө үлгүрдү",- дейт Саралаев.

Эскертсек, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Боом капчыгайындагы бөлүгүндө (103-чакырымдан 148-чакырымга чейин) төрт полосалуу жол куруу иштери жүрүүдө. Жолду кеңейтүү иштери 2011-жылдын сентябрь айынан башталган.

Аталган жол тилкесин оңдоо үчүн 72,5 млн доллар бөлүнгөн. Каражат Кытайдын экспорттук-импорттук банкы Шанхай кызматташтык уюмунун линиясы боюнча насыянын алкагында каржыланып жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226795

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.