Улуттук банк Кыргызстандагы эң рентабелдүү бизнес соода экенин белгилейт

  03.07.13   12:26
 252

2012-жылы байкалган өсүшкө карабай, Кыргызстандын ишканаларынын рентабелдик көрсөткүчү абдан эле төмөн болуп жатат. Бул тууралуу Улуттук банк тарабынан даярдалган КРдин каржы тармагынын туруктуулугу жөнүндө баяндамада айтылат.

2012-жылдын жыйынтыгы менен ишканалардын тең салмактуу кирешеси 2011-жылга салыштырмалуу 19,5 пайызга көбөйүп жана 21 млрд 12,8 млн сомду түзгөн. Ишканалардын рентебелдүүлүгү боюнча жогорку көрсөткүчтөргө соода ишканалары (64,8%), транспорт менен байланыш (30,7%) жана тоо кен өнөр жайы (12,1%) жетишкен.

Улуттук банк "өткөн жылы корпоративдик тармактагы ишкердик активдүүлүктүн төмөндөшү ишканалардын каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнүн натыйжасыз экендигин күбөлөндүрөт",- деп белгилейт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226799

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.