Таласта Жайкы эс алууга муктаж болгон балдардын саны 36 миңдин тегерегин түзөт

  03.07.13   12:21
 286

"Талас облусунда жалпы окуу жашындагы балдардын саны 45 300дөн ашык. Жайкы эс алууга муктаж болгон балдардын саны 36 миңдин тегерегин түзөт",- деди КР Өкмөтүнүн Талас облусунунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси Нарынбек Токтосунов

"Барчын" эс алуучу борборунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана мугалимдердин, медицина жана башка тармакта иштегендердин балдарынан 1-агымда 150 окуучу, 2-агымда 150 окуучу, 3-агымда 2010-жылдын 6-7-апрелинде жаракат алган үй-бүлөлөрдөн 50 бала, профсоюздук путевкалары менен 100 окуучу баланын эс алуусу пландаштырылууда.

Эс алуу учурунда "Атам, апам жана мен-спорттук үй-бүлө", "Көңүлдүү старт", "Таланттууларды издейбиз", "Жомоктор дүйнөсүндө саякат", "1 минуталык күлкү", "Эң мыкты дубал газета", "Катардагы ыр", "Токой падышасы жана ханышасы" аттуу сүрөт конкурстары өткөрүлгөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226800

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.