Өкмөттүн жогорку жетекчилиги эмгек өргүүсүн Ысык-Көлдө өткөрүүнү жактырат

Министрлер кабинетинин басымдуу бөлүгү эмгек өргүүсүнө чыкпай турганын, бирок мүмкүндүк болсо эс алуусун өлкөдө өткөрүшөөрүн айтышты.
  03.07.13   13:42
 381

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев эмгек эс алуусуна кетүүнү пландаган жок. Бул тууралуу "ВБ"га ал "Менин азырынча эмгек өргүүсүнө чыгайын деген планым жок, бирок убакыт көрсөтөт",- деп билдирди.

Өз кезегинде өкмөт башчысынын жеке басма сөз катчысы Мелис Эржигитов министрлер кабинетинин башчысынын иши көп экенин жана ал суткасына 16 саатка чейин иштеп жатканын кошумчалады.

"Эмгек өргүүсүнө чыга турган маал эмес. Бирок мындай мүмкүндүк болсо ал өзүнүн үй-бүлөсү менен Ысык-Көлгө эс алууга бармак. Өткөн жылы ал "Кыргызское взморье" санаторийинде неберелери менен эс алды",- дейт Эржигитов.

Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев эмгек өргүүсүнө чыгуу тууралуу ойлоно элек. "ВБ"га ал эгерде эс алууга мүмкүндүк болсо Ысык-Көлгө бара турганын билдирди

Коргоо, коопсуздук жана чегара маселелери боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов дагы жакын арада эс алууга чыгууну пландаган жок. "Мен ишке бир аз мурда эле кириштим, ошондуктан отпусканы пландаган жокмун, бирок эс алууга чыксам аны Ысык-Көлдө ата-энемдикинде өткөрмөкмүн",- деди ал.

Социалдык блок боюнча вице-премьер-министр Камила Талиева качан эмгек эс алуусуна чыгарын аныктай электигин айтты. Анын жардамчысы редакцияга Талиева сөзсүз түрдө эс алууга чыгаарын жана август айында Ысык-Көлгө эс алууну караштырып жатканын билдирди.

Экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев августтун ортосунда эмгек өргүүсүнө кетет, бирок кайсы жакта эс ала турганын тактай элек. Өткөн жылы үй-бүлөсү менен көлдө эс алган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226801

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.