Ипотекалык насыя берүү рыногу кризиске чейинки деңгээлине жетпей жатат

  03.07.13   13:46
 224

2012-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын банктарынын курулуш жана ипотекага берген насыясынын үлүшү азайды жана 15,1 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк тарабынан даярдалган КРдин каржы тармагынын туруктуулугу жөнүндө баяндамада айтылат.

Бул динамиканы Улуттук банк банктардын насыя портфелинин жалпы өсүү ыргагынын жогорулашы менен түшүндүрөт.

Ошол эле маалда 2012-жылдын башынан бери берилген ипотекалык насыялар менен курулушка берилген насыялардын көлөмү оң динамикалык өсүштү көрсөткөнү белгиленет. Банктардын насыя портфелиндеги ипотекалык насыялардын көлөмү - 3,9 млрд сомду (9,6%), курулуш насыяларынын көлөмү - 2,2 млрд сомду (5,5%) түзгөн. Өсүш насыя үстөктөрүнүн азайышы жана насыя ресурстарына суроо-талаптын көбөйүшүнүн сакталып турушу менен байланыштуу болгон.

Бирок ушул эле учурда ипотека жана курулуш насыяларын каржылоо чени 2008-2009- жылдардын деңгээлине жеткен эмес.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226802

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.