Жалал-Абад облусунда Нарын дарыясына 5 адам чөгүп кетти

  03.07.13   13:49
 207

Жалал-Абад облусунда Нарын дарыясына 5 адам чөгүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда "ВБ"га ӨКМнын кызматкерлери билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылына жакын жайгашкан "Дүпкүр" участкасынан кечээ, 2-июль күнү саат 17:00 чамасында 5 адам балык кармап жүрүп сууга түшүп кетишкен. Аларды суудан алып чыгуу үчүн 30га жакын жергиликтүү тургундур жана куткаруучулар иш алып барган. Сууга түшүп кеткен жигиттердин бири жээкке сүзүп чыккан.

Ал эми калгандарын издөө азыркы учурга чейин уланып жатат.

Алар 1990-жылы туулган Казарман айылынын тургундары Алтынбек Абдираимов, Уланычбек уулу Тилек жана Кара-Суу айылынын 1994-жылы туулган Эламан Абдираимов, Кудайберди уулу Сүйүн, Дөөлөткелди уулу Бексултан экендери аныкталган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226804

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.