КУЭТ Бишкектеги төрт ири подстанциянын трансформаторлорун жаңыртат

  03.07.13   13:54
 219

Быйыл "Кыргызстандын улуттук электр түйүнү" (КУЭТ) ачык акционердик коому Бишкектеги 22 ири подстанцияны жаңылоо жана кубатын арттыруу иштерин улантат. Бул тууралуу "ВБ"га бүгүн, 3-июлда аталган акционердик коомдун башкы директорунун биринчи орун басары Алексей Бородин билдирди.

Анын айтымында, компания кубаттуулугу 25тен 40 МВАга (мегавольт-ампер) чейин турган төрт трансформаторду баш калаадагы ири "Жаңы-Түштүк", "Айни", "Абдыкалыков" жана "Ак-Ордо" подстанцияларына орнотуш үчүн сатып алды.

Бородин аталган подстанциялардагы трансформаторлор башка жактарга кубаттуулукту көбөйтүш үчүн көчүрүлө турганын белгиледи.

Мындай жол менен КУЭТ буга чейин башталган баш калаадагы 22 подстанцияны масштабдуу түрдө жаңылоо иштерин улантмакчы.

Эскерте кетсек, мындай жумуштар 20 жылдан бери ишке ашырылган эмес. Өткөн жылы аталган мекеме Кыргызстан көз карандысыздыгын алгандан бери алгачкы жолу беш жаңы кубаттуу трансформаторду Бишкек жана Оштогу ири подстанциялар үчүн сатып алган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226808

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.