Кикбоксчу Уланбек Касымбеков Азия оюндарынын чейрек финалына чыкты

  03.07.13   13:52
 235

Кыргызстандык кикбоксчу Уланбек Касымбеков Жабык имараттардагы Азия оюндарынын чейрек финалына чыкты.

Мелдештин расмий сайтынын берген маалыматына ылайык, 57 кг салмак категориядагы "фулл-контакт" багытында Касымбеков старттык беттешин рингтин ээсине каршы Түштүк Кореялык Гөнчоль Кимге каршы өткөрдү. Калыстар тобу бул беттештин жеңүүчүсү кыргызстандык кикбоксчу деп чечим чыгарышкан.

Жарым финалдык беттеште Касымбеков Өзбекстандын спортчусу Нодир Исраиловго каршы чыгат.

Бүгүн, 3-июлда 63,5 кг чейинки "лоу-кик" багытында Алексей Федосеев казакстандык Артур Саурбаев менен беттешет.

Ошондой эле бүгүн, Сталбек Даркамбаев (71 кг) "фулл-контакт" багытында сириялык Мохамад Кхрейске каршы беттешин өткөрөт. Чучу кулак тартуунун жыйынтыгында Кумар Жалиев (81 кг) алдын ала беттештерин кое берип, өз атаандашын күтүп жатат.

Эске салсак, жогорудагы турнирге Кыргызстандын атынан 22 спортчу катышкан. Алар спорттун беш түрүнөн мелдешишет: сууда сүзүү, тай боксу, кикбоксинг, спорт бийи жана снукер. Кикбоксинг боюнча өлкө намысын төрт спортчу коргойт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандык курама командасынын капчыгында бир гана күмүш медаль бар. Аны тай боксу Данияр Кашкараев жеңип алган. Жабык имараттардагы Азия оюндары-2013 Инчхондо (Түштүк Корея) өтүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226809

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.