Брасс менен сүзүүдө Дарья Таланова Азия-2013 оюндарында финалга чыкты

  03.07.13   14:16
 225

Жабык имараттардагы Азия оюндарында Дарья Таланова финалга чыкты. Турнир ушул күндөрү Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жатат.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка караганда, Дарья алдын ала 50 метр аралыкка брасс менен сүзүүдө 32,21 натыйжасы менен экинчи сүзүп келген.

Кыргызстандын сууда сүзүү федерациясынын билдиргенине ылайык, Таланова Кыргызстандын чемпионатында мурда өзү койгон натыйжаны жаңыртып, рекорд койгон.

Эске салсак, жогорудагы турнирге Кыргызстандын атынан 22 спортчу катышкан. Алар спорттун беш түрүнөн мелдешишет: сууда сүзүү, тай боксу, кикбоксинг, спорт бийи жана снукер.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандык курама командасынын капчыгында бир гана күмүш медаль бар. Аны тай боксу боюнча мушкер Данияр Кашкараев жеңип алган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226812

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.